Abank
SerepTV Logo

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды
Дайынсыз болуп изделип жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ленин РИИБден билдиришти. 8-январда РИИБге 2008-жылы туулган баланын апасы кайрылып, уулун табууну суранган. Ал 7-январда саат 05:00дө Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы маалым болгон. Аны 11-январь күнү кечки саат тогуздарда Ленин РИИБдин кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.