Бишкекте дайынсыз болуп, изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды
Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү саат 15:57де ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан конуштагы арыктан табылып, баланын жакындарына жана ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Кечээ, 14-январь күнү Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала дайынсыз жоголгон" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkekte-5-jashtagy-alihan-daiynsyz-bolup-izdelip-jatat/">жоголгон. Аны издөөгө бүгүн жалпы 17 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган.
Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Алихан аутизм оорусу менен жабыркап келген.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="223525,223526,223527"]