Royal
SerepTV Logo

Бишкекте ЦУМдагы жарандар эвакуацияланып жатат

Бишкекте ЦУМдагы жарандар эвакуацияланып жатат
Бүгүн, 19-октябрда саат 11:18де Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына ЦУМ-Айчүрөк соода борборунун имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук администрациянын жетекчилиги жана райондук администрациянын тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен. Учурда кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынды. Буга чейин Жогорку Сот, райондук сот жана министрликтин имараттары" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/jogorku-sot-lenin-raionduk-sotu-jana-sanariptik-onyktyryy-ministrliginin-imarattarynda-bomba-bar-ekendigi-tuuraluu-maalymat-tyshty/">имараттары, «Азия Молл» соода" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-aziya-moll-sooda-borboru-da-kurchoogo-alyndy/">соода борбору, Октябрь райондук сотунун имараты" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/bishkektegi-oktyabr-raionduk-sotu-da-kurchoogo-alyndy/">имараты курчоого алынган.