Royal
SerepTV Logo

Бишкекте беш троллейбус каттамы убактылуу иштебейт

Бишкекте беш троллейбус каттамы убактылуу иштебейт
Бишкекте беш троллейбус каттамы убактылуу иштебейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги троллейбус линияларына бак кулаган.
Буга байланыштуу №4, 7, 8, 9 жана 10 маршруттук каттамдар убактылуу токтотулган.
Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Алардын качан бүтөрү азырынча белгисиз.