Abank
SerepTV Logo

Бишкекте баңги заттарды таратуучу 400дөй жарыя сырдалды

Бишкекте баңги заттарды таратуучу 400дөй жарыя сырдалды
Кечээ, 20-июнь күнү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өздүк курамы, ЭММКАК жана милициянын райондук башкармалыктарынын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы 4 райондун жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү менен биргеликте "синтетика" аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты - синтетикалык баңги заттарды жайылтуу боюнча маалыматтарды камтыган жазууларды аныктоо жана алып салуу. Натыйжада, биринчи сутка ичинде борбор калаанын аймагына синтетикалык баңги заттарды таратуучу телеграмма-каналдарды жарнамалаган 400дөн ашык жазуулар сырдалып, алып салынды. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="186801,186802"]