SerepTV Logo

Бишкекте аялдын батирден ээси тарабынан куулушу. Тараптар эмне дешет?

Бишкекте аялдын батирден ээси тарабынан куулушу. Тараптар эмне дешет?

Бишкекте батирдин ээси милиция кызматкерлеринин жардамы менен ижарачыны чыгарууга аракет кылды. Видеону блогер Эртай Исаков жарыялаган.

Батирдин ээси кыймылсыз мүлктү ижарага алуу үчүн бааны эки эсе кымбаттатып, батир алуучуга көчүп кетүүгө алты күн бергени көрсөтүлгөн.

«Ижара келишими бир жылга түзүлгөн. 16 миң сомдон төлөп жатканбыз. Азыр үй ээси 38 миң сом берүүнү талап кылууда. Бул мугалим үчүн чоң акча. Азыр батир издеп жатам. Батирдин ээси белгисиз адамдар менен келип, эшиктерди сындырып, кулпуларды алмаштырып салган», — деп айтылат видеонун алдында. Кийинчерээк батирдин ээси милицияга кайрылганы белгилүү болгон. Укук коргоо кызматкерлери ижарачыдан телефонун тартып алып, андан соң РИИБге алып кетишкен.

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Эртай Искаков SFR (@ertaisfr)

Кийинчерээк Black_list.kg аккаунту үй ээсинин версиясын жарыялады. Аял ижарачы менен келишим 2021-жылдын 7-сентябрынан 2022-жылдын 7-сентябрына чейин бир жылдык мөөнөткө түзүлгөнүн билдирген. Аял батирдин акысын өз убагында төлөп турган, бирок ал жашап жүргөндө бир нече окуя болгон. 

«Биринчиден, ашканада өрт чыгарды, экинчиден, кошуналардын үйүнө чейин суу каптатты. Апам үй ээси катары оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн. Ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин апам жаңы келишим түзүүнү суранган, бирок ал дайыма келбей, жооп бербей жаткан. Мен келишимсиз бир ай жүрдүм. Биз батирди саткыбыз келгендиктен, андан көчүп кетүүсүн сурандык. 30-сентябрдан бери апам күн сайын аялга 8-октябрга чейин көчүп кеткиле деп жазып жатты. Эми ижара акысын көтөрдү деп жалаа жаап жатат», — деп жазган үй ээси.

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Черный список KG ?? ❌ (@black_list.kg)

Ээрчише баскан экс-премьерлердин сүрөтү соцтармакта жарыяланды

09:24 12.09.2026

Депутат Бекешев: "Касымалиев окуу китептеринин базарда сатылып жатканын иликтөөнү УКМКга жана ИИМге тапшырды"

11:32 16.09.2026

Президент Садыр Жапаров АКШга иш сапар менен барды

09:47 19.09.2026

Президент Садыр Жапаров Сеулдагы мамлекеттик резиденцияга барды

10:27 16.09.2026

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол линиясында биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады

09:50 11.09.2026

Депутат Улукбек Карыбек уулу көк бөрүчү Дастан Руслан уулу менен жолугушту

08:54 12.09.2026

Президент Садыр Жапаров Юта штатынын Олимпиадалык паркына барды

11:29 20.09.2026

Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болду. Анын өлүмүнө шектелип 4 өспүрүм кармалды

11:22 20.09.2026

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү (видео)

11:03 20.09.2026