Abank
SerepTV Logo

Бишкекте аял мурдагы жолдошун издеп жатат

Бишкекте аял мурдагы жолдошун издеп жатат
Бишкекте Кугабаев Ермек Абдуганиевич дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 13-мартта Свердлов РИИБге жарандын мурдагы аялы кайрылып, анын дайынсыз болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, 1965-жылы туулган Ермек Кугабаев 2025-жылдын январь айынан бери байланышка чыкпай калган. Аны акыркы жолу Сүйүмбаев көчөсүндөгү үйдүн жанынан көрүшкөн. Ошондон бери дайынсыз болуп жатат. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (708) 877-111, 0 (555) 85-60-85, 0 (703) 01-00-02 номурларына чалсаңар болот.