Abank
SerepTV Logo

Бишкекте аял жарым жыл мурда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан күйөөсүн издеп жатат

Бишкекте аял жарым жыл мурда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан күйөөсүн издеп жатат
Бишкекте Абдыкеев Жаныбек Суюнбаевич изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Милицияга жарандын аялы кайрылып, жолдошу 1983-жылы туулган Жаныбек Абдыкеев ушул жылдын 31-мартында Учкун кичи районунда жайгашка үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды билген же көргөн болсо, 0 500 60-70-67 номуруна чалсаңар болот.