Abank
SerepTV Logo

Бишкекте апа дайынсыз болуп жаткан кызы Үмүтай Кашенованы издеп жатат

Бишкекте апа дайынсыз болуп жаткан кызы Үмүтай Кашенованы издеп жатат
Бишкектин Ленин РИИБи тарабынан дайынсыз болуп жаткан Кашенова Үмүтай Какибаевна изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 8-октябрда милицияга 1990-жылы туулган Үмүтай Кашенованын апасы кайрылып, кызы 7-октябрда саат 15:00 чамасында Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Милиция сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (312) 352-605, 0 (553) 102-465, 0 (703) 501-600, 0 (553) 102-880, 0 (502) 250-815 номурларына кабарлап коюуну суранат.