Бишкекте ак элечек кийген апалардын маршы болуп өттү (сүрөт)
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргызстан пенсионерлер партиясы менен биргеликте 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Баатыр энелердин жөө жүрүшүн уюштурду.
Айымдар улуттук кийимдерди кийип чыгышты. Алар "Ала-Тоо" аянтынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басышты. Жүрүшкө Кыргызстандын бардык облустарынын өкүлдөрү, ошондой эле Эмгек министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, өлкөнүн акын-жазуучулары катышты.
Эмгек министри Кудайберген Базарбаев куттуктоо сөзүндө президент Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” биринчи жарлыгына ылайык улуттук маданиятты жана каада-салтты жайылтуу мамлекеттик социалдык өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="167839,167840,167841,167842,167843,167844"]