Abank
SerepTV Logo

Бишкекте агасы 10 жаштагы инисин ойнотуп жүрүп таппай калган

Бишкекте агасы 10 жаштагы инисин ойнотуп жүрүп таппай калган
Кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланы таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 23-сентябрда саат 21:50 чамасында “102” кызматына Лермонтов жана Көлбаев көчөсүнөн бала жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, 1999-жылы туулган жаран өзүнүн 10 жаштагы бир тууган инисин үйүнөн ойноп чыгып, таппай жүргөндүгүн айткан. Инисин “Арзуу” кафесинин жанынан таап, андан туугандарына сак-саламат жеткирип беришкен.