Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 8 мектеп карантинге жабылып, онлайн окутууга өттү

Бишкекте 8 мектеп карантинге жабылып, онлайн окутууга өттү

Борбор калаада курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 8 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билим берүү башкармалыгы менен биргеликте 50 мектепте балдардын сабакка катышуусун текшерген. 

Онлайн окутууга өткөрүлгөн мектептер: № 6, № 60, № 28, № 54, № 59, № 72, № 95, № 103.