Бишкекте 7 жаштагы бала адашып кеткен. Милиция ата-энесин тапты
Бишкекте милиция кызматкерлери ата-энесине баланы таап беришти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-декабрда "Ала-Тоо" аянтында милиция кызматкери адашып кеткен баланы тапкан. Анын аты-жөнү такталып, 2015-жылы туулган бала экени аныкталган. Ата-энеси табылып, баланы өткөрүп беришкен.