Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 41 жаштагы Зияда Темирбекова дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 41 жаштагы Зияда Темирбекова дайынсыз болуп жатат
Бишкекте Темирбекова Зияда Исманкуловна изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 8-майда милиция жаран кайрылып, анын 1982-жылы туулган эжеси 1-майда саат 14:00 чамасында Бишкектеги Келечек конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барбаганын билдирген. Учурда анын жүргөн жери белгисиз болууда. Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана ак баскан. Психикалык оорудан жабыркайт. 2-топтогу майып. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн же билген болсо, 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 85-58-12, 0 (704) 103-102 номурларына чалсаңар болот.