Abank
SerepTV Logo

Бишкекте башы менен керебетке кыпчылып калган бала куткарылды (сүрөт)

Бишкекте башы менен керебетке кыпчылып калган бала куткарылды (сүрөт)

Бишкекте 4 жаштагы бала башы менен керебетке кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 30-май күнү "112" кызматына Жал кичи районунундагы үйдүн ичинде 4 жаштагы бала керебеттин алдына кирип, башы кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар баланы чыгарып, ата-энесине өткөрүп беришти. Баланын абалы жакшы.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2022/05/281862562_387892920050107_6715508036798170850_n.jpg" alt="" width="750" height="1000" />