Royal
SerepTV Logo

Бишкекте +4 градус. 22-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Бишкекте +4 градус. 22-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
22-февралда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -8…-10, күндүз +2…+4 градус болот.