Бишкекте 3 күн айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат
8-9-10-декабрь күндөрү Бишкекте өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүүдө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет:
- Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен тартып, Мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.