Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылды (видео)

Бишкекте 19 жаштагы кыз 6-кабаттан секирүүгө аракет кылды (видео)
Бүгүн, 15-майда Свердлов РИИБге аял киши кайрылып, анын 2004-жылы туулган кызы өз жанын кыйганы жатканын айтып, жардам сураган. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Аталган факты каттоого алынган. Жерине барган милиция кыздын көп кабаттуу үйдүн 6-кабатында асылып турганын көргөн. Милиция кызматкерлери кызды куткарып калышкан. Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.