Royal
SerepTV Logo

Бишкекте 16 жаштагы Айназик Берекулова изделип жатат

Бишкекте 16 жаштагы Айназик Берекулова изделип жатат
Бишкекте 16 жаштагы Айназик Берекулова изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 30-ноябрда милицияга жаран кайрылып, небереси 2007-жылы туулган Айназик Берекулова 21-ноябрда Фрунзе көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 (508) 43-43-91, 0 (502) 29-02-22 жана 102 номурларына чалсаңар болот.