Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 15 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды

Бишкекте 15 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды
Бишкекте 15 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Айни көчөсүндө жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 2008-жылы туулган кыз секирип өз өмүрүнө кол салганы аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж тартылып, жогору аталган кызды куткаруучулар түшүрүп ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Абалы жакшы.