Abank
SerepTV Logo

Бишкекте 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз

Бишкекте 14 жаштагы Акылбек Таалайбеков үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз
Ленин РИИБи тарабынан Акылбек Таалайбековдун жүргөн жери аныкталып жатат. Бул тууралуу аталган милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 8-январда РИИБге 2008-жылы туулган баланын апасы кайрылып, уулун табууну суранган. Ал 7-январда саат 05:00дө Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Белгилери: бою 165-170 сантиметр, арык, чачы жана көзү кара. Өзгөчө белгиси: бетинде тырыгы бар. Кийген кийими: кара куртка, кара шапка, кара шым, велосипед менен жүргөн. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрсө, 0 (550) 223-333, 0(704) 447-770, 0(703) 401-600 номурларына чалсаңыздар болот.