Бишкекте 13 жаштагы кыз 4-кабаттан кулап кеткен видео тарады. Окуянын чоо-жайы
Социалдык тармактын колдонуучулары "4-кабаттан кыз кулап кетти" деп видео таратып жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка караганда, 3-мартта болжол менен саат 22:49 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Төмөнкү Жалдагы көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кулап кеткен кыз тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция фактыны тастыктаган. 2010-жылы туулган кыз ошол күнү эшиги бекитилген үйдө жалгыз болгон. Ал курбулары менен сейилдөө үчүн терезеден шейшептерди улаштырып түшүп бара жатып, кулап кеткен. Учурда ооруканада.