Royal
SerepTV Logo

Бишкекте 12 жаштагы эгиздер бир тууган эжеси менен дайынсыз болуп жатышат

Бишкекте 12 жаштагы эгиздер бир тууган эжеси менен дайынсыз болуп жатышат
Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан 3 бир тууган - Раяна Марукова, Мусабек Маруков жана Исабек Маруков дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиршти. Маалыматка караганда, 24-февралда жаран милицияга кайрылып, анын 2009-жылы туулган кызы жана 2012-жылы туулган эгиз уулдары дайынсыз болуп жатканын билдирген. Алар ошол эле күнү Бакаев көчөсүндөгү үйдөн чыккан бойдон кайтып барышкан эмес. Раяна Марукова: бою 165 сантиметр, арык чырай, чачы күрөң. Кара куртка, кара топу кийип жүргөн. Мусабек Маруков: бою 130 сантиметр, арык чырай, чачы кара. Көк куртка (кызыл өңдөрү бар), боз топу кийип жүргөн. Исабек Маруков: бою 130 сантиметрэ. Көк куртка (жашыл өңдөрү бар), көк топу кийип жүргөн. Сүрөттөгү жарандарды көргөндөр болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 номурларына кайрылсаңар болот.