Abank
SerepTV Logo

Бишкекке коңшулаш жайгашкан «Бирбулак» жаңы тоо лыжа курортунун долбоору бекитилди

Бишкекке коңшулаш жайгашкан «Бирбулак» жаңы тоо лыжа курортунун долбоору бекитилди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин II жыйынын өткөрдү. Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Ысык-Көл облусунда «Тамга» эл аралык спорт комплексин жана Чүй облусунда «Бирбулак» жаңы тоо-туристтик кластерин куруу долбоорлорун жактырды. Жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги «Бирбулак» тоо-туристтик эс алуу жайынын долбоору иштелип чыккан. Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулат, анда мейманканаларды жана шалелерди куруу, фуникулер жана көтөрүп чыгуучуларды орнотуу, эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.