Royal
SerepTV Logo

Бишкекке электр энергиясы берилди

Бишкекке электр энергиясы берилди
Бүгүн, 25-январда саат 14:30га карата Бишкек шаарына электр энергиясы берилди. Буга чейин Энергетика министрлигинен Кыргызстандын энергетикалык системасы Борбор Азиянын Бирдиктүү энергетикалык шакекчесиндеги авариялык өчүрүүдөн кийин этап этабы менен калыбына келтирүүнү баштаганын маалымдашкан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/saat-1323ko-karata-energetika-ministrligi-maalymat-taratyp-jarykty-beryy-bir-kancha-saatta-kalybyna-keltirilerin-bildirdi/">маалымдашкан. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен бардык турак жай-коммуналдык чарбалары, өзгөчө "Бишкексвет", "Бишкекгорлифт", "Бишкектеплоэнерго", "Бишкекводоканал" ишканалары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Азыркы тапта шаар башчысы Бишкек ЖЭБинде жүргөнүн маалымат кызматынан билдиришти.