Abank
SerepTV Logo

Бишкекке Дубайдан жаңы чыккан Iphone 14 PRO телефондордун алып келе жаткандар кармалды

Бишкекке Дубайдан жаңы чыккан Iphone 14 PRO телефондордун алып келе жаткандар кармалды
«Манас» бажысынын кызматкерлери 17-сентябрда бажы текшерүүсүн жүргүзүү учурунда Дубай-Бишкек каттамы боюнча келген жүргүнчүлөрдүн арасында Орусиянын жараны Iphone 14 PRO маркасындагы 15 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Кармалган телефондордун болжолдуу баасы 2 миллион 116 миң 500 сомду түзгөн. Материалдар тиешелүү органга өткөрүлүп берилди.