Abank
SerepTV Logo

Бишкекке Абу-Дабиден биринчи жолу учак учуп келди. Аны кандай тосуп алышты?

Бишкекке Абу-Дабиден биринчи жолу учак учуп келди. Аны кандай тосуп алышты?

«Манас» аэропортунда Абу-Дабиден биринчи каттамды оргуп чыккан суу менен тосуп алышты. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Кечээ, 1-июнда Абу-Даби - Бишкек - Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди. Эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Wizz Air Abu-Dhabi компаниясынын башкы директору Йохан Айдхаген өз кезегинде жумасына 3 каттамдын ачылышы башталышы гана экенин, жакынкы арада каттамдардын санын көбөйтүп, аларды күн сайын ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады. Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби - Бишкек - Абу-Даби багыты боюнча каттамдарды жумасына 3 жолу - шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү ташыйт. Учуу убактысы 4 саат.
width="560" height="314" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">