Abank
SerepTV Logo

Бишкек милициясы унаа тетиктерин сатуучу базарларга барып, уурдалган унааларды издешти (видео)

Бишкек милициясы унаа тетиктерин сатуучу базарларга барып, уурдалган унааларды издешти (видео)
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан “Унаа издөө” аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 24-25-март күндөрү шаардык милициянын 400дөн ашык кызматкерлери транспорт каражаттарын уурдоого катышкан адамдарды аныктоо жана кармоо, мамлекеттик каттоо номерлерин алмаштыруу, транспорт каражаттарынын идентификациялык номерлерин (винкод) алмаштыруу, мурда уурдалган унаалардын запастык бөлүктөрүн мыйзамсыз демонтаждоо жана жерлерди аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларга тартылган. Ошондой эле, кырсык болгон жерден качып, анын ичинде адам өлүмү менен коштолгон жол унаа кырсыктарында из жашырган айдоочуларды издөө иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери шаардын аймагында көчмө постторду уюштуруп, башка мамлекеттин мамлекеттик номуру менен жүргөн унааларды текшеришти. Мындан тышкары, профилактикалык иш-чаралардын алкагында борбор калаада жайгашкан техникалык тейлөө станциялары, “Геология” унаа тетиктерин сатуучу жайлар жана “Кудайберген” базары текшерилди.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек ?? (@guvd_bishkek)

Ташкент шаарында эки аял менен жашаган эркек биринчи жубайын өлтүрүүгө киллер жалдаган

14:12 05.05.2026

Бишкек-Ош унаа жолунда чоң көлөмдүү таш көчкү түштү

09:03 05.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Индонезияда сейрек кездешүүчү кубулушту - күн желесиндей булуттарды тартып алышты

14:47 05.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин эмгек акысынын эсептелиши боюнча түшүндүрмө

17:09 06.05.2026

Тоо жакка эс алууга чыксаңыз, эске алыңыз: 7-12-май күндөр аралыгында сел жүрүшү мүмкүн

16:46 06.05.2026

Садыр Жапаров Кадамжай районундагы “Торговый” базарына барды

16:34 06.05.2026