Abank
SerepTV Logo

Бишкек милициясы: Шаардагы мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалыматтар калп

Бишкек милициясы: Шаардагы мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалыматтар калп
Шаардагы мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкектин шаардык милициясынан маалымдашты. Буга чейин борбор калаадагы №4 мектеп-гимназиясында жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Имараттагы окуучулар жана мугалимдер дароо эвакуацияланып, милиция кызматкерлери мектепти курчоого алган. Текшерүүдөн кийин эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.