Abank
SerepTV Logo

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында ошондой эле Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.

- Жеке коопсуздугуңуз үчүн көчөгө сейилдеп чыгуудан карманыңыз;

- Унааңызды бак-дарактын жана имараттын түбүнө токтотпоңуз;

- Турак жай жана имараттагы эшик-терезелерди жабыңыз.