Royal
SerepTV Logo

Бишкек ЖЭБдеги авария жана тик учактын кулашынан жабыркагандардын абалы айтылды

Бишкек ЖЭБдеги авария жана тик учактын кулашынан жабыркагандардын абалы айтылды
Түркиянын Адана шаарынын Мамлекеттик илимий ооруканасында Бишкек ЖЭБдеги авария жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандыкты дарылоо уланууда. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Учурда бейтаптарга пландык операция жасалып, реанимацияда жатышат. Азыркы маалда алардын жанында жакындары бар. Ал эми Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу бардык керектүү жардамдарды көрсөтүүнү улантып жатат.