"Бир кызы чарчап калган". Кызыл-кыялык келин 4 эмди жарыкка алып келди
Ош облусундагы төрөтканада кызыл-кыялык келин Дильноза Сайдорипова 4 эмди жарыкка алып келди. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалыматты төрөткананын дарыгери тастыктады.
Маалыматка караганда, келин ай-күнүнө жетпей, операция менен төрөгөн. Ал 2 уул, 2 кызды жарыкка алып келген. Тилекке каршы 1 кызы чарчап калган. "Келин 19-октябрда төрөгөн. Бир баласынын тону жатындан ажырап, кыйналып калган экен. Чарчап калды. Ал эми калгандарынын абалы жакшы. Эне өзү бага алган учурга келип, бүгүн төрөтканадан чыгарылды",- деди жетекчи.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="212061,212062"]