Abank
SerepTV Logo

Бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра экзамен тапшырат

Бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра экзамен тапшырат
Бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. 8-марттан тартып,  бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган төмөнкү айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Алар:
  • Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөөөсү жок башкаруу;
  • Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;
  • Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу (40 чакырым/сааттан көп, 60 чакырым/сааттан көп эмес; 60 чакырым/сааттан ашуусу)
  • Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;
  • Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;
  • Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;
  • Мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.