"Бир жолу кесиптешибиздин өлүгүн союуга туура келген" дейт патологоанатом
SUPERTV телеканалынын “Тузу оор кесиптер” долбоорунда бул жолу патологоанатом кесиби менен тааныштырабыз. Каарманыбыз Атыр Абылова 8 жылдан бери Бишкек шаардык өлүкканасында иштейт.
"Бир жолу бизде иштеген санитар баланын өлүгүн союуга туура келген. Коронавирустан кийин каза болгон",- деди ал.
Ал ошондой эле жакындары табылбай калган өлүктөрдүн эмне болорун айтып берди. "Селсаяктардын сөөктөрү түшөт же туугандары издеп жүргөн сөөктөр түшөт. Андай өлүктөр бар. Биз аларды сойгондон 1 жумадан кийин Октябрь РИИБге кабар беребиз. Издеген туугандары болсо, милиция менен байланышат. Эгер 20 сутканын ичинде эч ким келбесе, мэрия алып кетет да коюшат",- дейт.