«Бир болайыктан» таанылган Арген Асанов "Ала-Тоо" аянтында милиция тарабынан кармалганы айтылууда
«Бир болайык» шоу берүүсү менен таанылган Арген Асанов "Ала-Тоо" аянтында милиция тарабынан кармалганы айтылууда. Аны унаадан түшүрүп, кармап жатышканы тартылган видеолор соцтармакта тарады.
Милиция тарабынан жогорудагы маалымат ырастала элек.
Арген Асанов жубайы Аружан Бекешева экөө соцтармактагы баракчасында кечээ, 26-августта саат 18:00гө "Ала-Тоо" аянтында оюн уюштуруларын билдирген. Анда 100 миң сом таратылмак. Бирок видеодон адам аянтка көп чогулуп, ызы-чуу болуп жатканы көрүнөт. Соңку окуялар боюнча блогердин өзү үн ката элек.
Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!
Биздин Телеграм канал: @serepkg" target="_blank">https://t.me/serepkg">@serepkg