Abank
SerepTV Logo

Беткапчан киши үй белек кылган унаа жууп иштеген аял эсиңиздеби? Аялдын Бишкекте жашары маалым болду

Беткапчан киши үй белек кылган унаа жууп иштеген аял эсиңиздеби? Аялдын Бишкекте жашары маалым болду
Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү болгон адам 17 жылдан бери унаа жууп, 4 баласы менен жер төлөдө жашаган аялга үй белек кылган. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/turkun-duino/betkapchan-kishi-17-jyldan-beri-unaa-juup-4-balasy-menen-jer-tolodo-jashagan-ayalga-yi-belek-kyldy-video/">кылган.  Аял 17 жылдан бери унаа жууп иштерин, 4 баласы менен унаа жуучу жайдагы жер төлөдө күн кечирип келерин айткан. «Көзүм ооруйт. Жер төлөнү ижарага алып жашайбыз. Кээде унаасын жуудурганы келгендер даараткана экен деп, үйгө кирип келишет. Эң негизгиси балдарыма билим берсем дейм», - деген ал. Ага беткапчан киши үй белек кылып, ыйлаткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине алардын Кыргызстанда жашары маалым болду. "Мага орусча сүйлөп бере аласызбы деди. Орусча сүйлөй албарымды айтсам, анда казак тилин билесизби дешти. Мен макул болуп, казакча сүйлөп бердим. Себеби аларга акча которгондорго отчет берүү үчүн керек экен. Менин жашоомду Ютубдан көрүшүптүр. Алгачкы жолу 4-февралда келип, менден кабар алып, жашоомду көрүп кетишкен. Андан кийин 15-17-февралда келди окшойт. Азыр үйдү мага каттап берип, документин колума алдык. Үйдө жашап жатабыз. Бишкектин Октябрь районундагы көп кабаттуу үйдөн 3 бөлмөлүү батир алып беришти", - деди ал.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Человек в маске (@chelovekvmaskee)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026