Abank
SerepTV Logo

Беткапчан киши бул жолу кыргызстандык үй-бүлөнү кубантып, көпчүлүктү ыйлатты (видео)

Беткапчан киши бул жолу кыргызстандык үй-бүлөнү кубантып, көпчүлүктү ыйлатты (видео)
Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу да кыргызстандык үй-бүлөгө жардам берди. Тагыраагы, буга чейин бул үй-бүлөгө жаран элдин жардамы менен кол сунуп, 13 жаштагы баланын карындашынын операциясына акча чогултуп берип, Түркияда операция жасаткан. 13 жаштагы бала талаа иштерине чыгып, үй-бүлөсүнө жана ооруп жаткан карындашына акча топтоп келген. "Азыр карындашым ойноп-күлүп калды", - дейт бала. Ал эми беткапчан киши бул жолу үй-бүлөгө үй белек кылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги беткапчан киши менен байланышканыбызда, үй-бүлө Кыргызстанда турарын айтып, үйдү Кыргызстанда белек кылганын билдирди. "Үй-бүлө батир ижарага алып же туугандарыныкында жашашчу. Биз үй белек кылдык", - деди ал.