Бетине операция жасаткан соң ириңдеп, ооруп жатканын айткан келиндин иши боюнча комиссиялык экспертиза дайындалды
Мындан туура 1 ай мурда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 33 жаштагы Асел Корчуева аттуу жаран кайрылып, Бишкектеги косметологиялык клиниканын кызматынан жапа чеккенин" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/murdagy-betimdi-kairygym-kelet-bishkekte-operacziyadan-jabyrkagan-kelin-akyikattyk-izdeit/">чеккенин айткан. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдиришкен. Бирок келин редакцияга кайра кайрылып, ишин милиция карабай жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/dagy-ele-irindep-syzdatyp-oorup-jatat-betine-operacziya-jasatkan-kelin-milicziya-ishimdi-karabai-jatat-deit/">билдирген.
Ленин РИИБден бүгүн, 28-сентябрда маалымат беришип, комиссиялык экспертиза дайындалганын билдиришти. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.