Бүгүн, 27-декабрда белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов 61 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын айтымында, анын жүрөк оорусу кармап калып, каза болгон.
Бейшенбек Бекешов КТРК, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарды аркалап, калың элге «Коломто» аттуу берүүсү аркылуу танылган.
Маркумдун сөөгү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Балбай айылында жерге берилери маалымдалды.
Бейшенбек Бекешовдун мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу SUPERTV.KG сайтынын эмгек жамааты анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.