Royal
SerepTV Logo

Базар-Коргондо 18 жаштагы кыз 1 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Базар-Коргондо 18 жаштагы кыз 1 жумадан бери дайынсыз болуп жатат
Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылынын тургуну 2005-жылы туулган Саматова Айнуска Болотбековна 29-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара жана кыска, арык дене түзүлүштө. Кийген кийимдери: кара түстөгү жемпир, жинсы, бутунда жашыл түстөгү кроссовки болгон. Дайынсыз болуп жаткан Саматова Айнуска Болотбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 03736 5 02 61, 0995 88 02 00 номурларына чалсаңар болот.