Abank
SerepTV Logo

Баткенден эвакуацияланган 38 миңден ашуун адамга 26 психолог жардам көрсөтүүдө

Баткенден эвакуацияланган 38 миңден ашуун адамга 26 психолог жардам көрсөтүүдө
Баткен облусунан эвакуацияланган 38 миң 59 адамга Кадамжайда 26 психолог жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Республикалык жана Оштогу психиатрия жана наркология борборлорунун адистери Баткендин тургундарына психологиялык жардам көрсөтүүдө. Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын эвакуацияланган тургундарына саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Гүласыл Сутуева жетектеген психиатр, психотерапевт жана клиникалык психологдордон турган 26 адис психологиялык жардам көрсөтүүдө", - дешти.