Abank
SerepTV Logo

Баткенден чек арадагы Ак-Сай айылына бекер маршруттук такси каттай баштады

Баткенден чек арадагы Ак-Сай айылына бекер маршруттук такси каттай баштады
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары үчүн акысыз маршруттук каттам уюштурулду. Бул тууралуу аталган дубандагы президенттин өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Буга чейин Ак-Сай айылынын жашоочулары облус башчысына аталган маселе боюнча кайрылышкан. Маршруттук каттам күн сайын эртең менен саат 08:40та Баткен - Ак-Сай, ал эми кечинде саат 17:00дө Ак-Сай - Баткен боюнча акысыз жүргүзүлөт.