Abank
SerepTV Logo

Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 19 жаштагы Арыстаналы уулу Асатбек бүгүн жерге берилет

Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 19 жаштагы Арыстаналы уулу Асатбек бүгүн жерге берилет
Тажикстандын кол салуусунан 19 жаштагы Арыстаналы уулу Асатбек көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти. Ал 2003-жылы Ала-Бука районуна караштуу Тенги айылында туулган. Катардагы жоокер Ала-Бука райондук аскер комиссиариаты тарабынан 2021-жылдын 17-сентябрында №2023 Айдаркен аскер бөлүгүнө чакырылган. Ал УКМКнын №2022 Капчыгай чек ара тозотунда өз аскердик милдетин аткарып жатып, 19 жашында көз жумду. Бүгүн жерге берилет.