Royal
SerepTV Logo

Баткендеги «Айгүл Тоо» ботаникалык коругуна Айгүл гүлүнүн уруктары себилди

Баткендеги «Айгүл Тоо» ботаникалык коругуна Айгүл гүлүнүн уруктары себилди

23-ноябрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан «Айгүл Тоо» ботаникалык коругуна Айгүл гүлүнүн уруктары себилди.

Фонд тарабынан корукка атайын формалар жана керектүү инструменттер тапшырылган.

Айгүл, же ай гүлү — гүлдүн илимий аталышы — Fritillaria eduardii Regel. Бул өсүмдүк жоголуп бара жаткан түрлөргө кирет жана Кызыл китепке киргизилген. Айгүл – 1-1,5 метр бийиктиктеги өсүмдүк, узун жашыл жалбырактары бүт сабагын бойлоп өсөт.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="215749,215750,215751"]