Abank
SerepTV Logo

Баткенде түнкүсүн тажик тарапка кирип кеткен жылкы ээсине кайтарылды

Баткенде түнкүсүн тажик тарапка кирип кеткен жылкы ээсине кайтарылды
Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен жылкыны кайтарып алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 23-мартта түнкү саат 02:00 чамасында Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунун 8 жашар жылкысы байланып турган жеринен бошонуп кетип, коңшулаш Тажикстандын Лаккан айыл аймагына кирип кеткен.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 6-апрель күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен жылкысы кайтарылып, өз ээсине тапшырылды. Милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестиктин жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="173476,173475,173474"]