Abank
SerepTV Logo

Баткенде тартылган тепкичтин видеосу талкуу жаратты

Баткенде тартылган тепкичтин видеосу талкуу жаратты
Баткен шаарындагы борбордук стадиондогу тепкичтин видеосу талкуу жаратты. Соцтармак колдонуучулардын айрымдары күлүп жатышса, айрымдары нааразычылыгын билдиришүүдө. Ал эми журналисттерге Баткен шаардык мэриясынан, стадиондун негизги трибунасы кеңейтилгенин, арткы тарабындагы тепкичтин бир тарабы трибунага кошулуп калганын билдиришти. Алар оңдоп-түзөө иштери аяктай электигин билдиришти.