Баткенде өзүн жардырып жиберген Эламан Ураимовдун аты Бишкектеги көчөгө коюлбайт
Бишкек мэриясы Кара-Дарыя көчөсүнүн аталышынын ордуна Тажикстандын Кыргызстанды басып алууга аракет кылган учурда каза болгон аскер кызматкери Эламан Ураимовдун ысымын ыйгаруудан баш тартты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Депутат вице-мэр Виктория Мозгачева кол койгон муниципалитеттин расмий жообун жарыялады. Анда көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө мораторий киргизилгени жана көрүнүктүү инсандын элесин түбөлүккө калтыруу ал өлгөндөн беш жыл өткөндөн кийин ишке ашырылаары айтылат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="141794,141795"] «Мэрия Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги жайгашкан Кара-Дарыя көчөсүнүн атын өзгөртүүгө макул эмес, көчө атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген», - деди депутат. Соцтармакта куралдуу кол салууда Тажикстандын аскер кызматкерлерин токтотуу үчүн өзүн граната менен жардырып жиберди деп жатышкан Эламан Ураимов 29 жашта болгон" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ozyn-granata-menen-jardyryp-jiberdi-dep-jatyshkan-elaman-uraimov-19-jashta-bolgon/">болгон. Анын артында 1 уул, 1 кызы калды.