Royal
SerepTV Logo

Баткенде окуучуну сабаган мугалим дагы 7 окуучуга кол көтөргөнү маалымдалды

Баткенде окуучуну сабаган мугалим дагы 7 окуучуга кол көтөргөнү маалымдалды
Кызыл-Кыяда окуучуну сабаган кыргыз-түрк “Сапат” лицейинин мугалими андан башка дагы 7 окуучуга кол көтөргөн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 29-январдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, 23-январда окуя боюнча комиссия түзүлүп, ал комиссия 2 күн иш алып барган. Орун басар жыйынтыгын жыйында окуду. “Окуучулардын арасында психологиялык тест жүргүздүк. Анын жыйынтыгында жеке эле бир бала эмес, дагы жети окуучу ошол мугалимден жабыркаган экен”, — деди ал. Анын айтымында, жабыркагандар - 10-класстын окуучулары.