Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу тобу жолукту
Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу тобу жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги линияны чийүүнү талкуулашкан. Кийинки жыйын Тажикстанда өтөт. “Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү”, - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="210614,210615"]