Abank
SerepTV Logo

Баткенде килемдердин кароо-сынак фестивалы өтөт

Баткенде килемдердин кароо-сынак фестивалы өтөт
27-28-апрель күндөрү Баткен шаарында “Кыргыз ажары- Баткен килеминде” аттуу республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт. Иш-чаранын максаты кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу менен биргеликте коңшу жашаган көчмөн жана отурукташкан ар улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзүүнүн жол-жоболорун, салттарын кайра жандандыруу, жаштарды маданияттуулукка үндөө болуп саналат. Фестивалга 7 дубандагы кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана келген чеберлер катышат. Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Таар килем”, “Мурас килем” аталыштагы килемдеринен тандалып, кароо-сынакта аныкталат. Өзгөчө килемде болгон түрлөр, оюулар, түшүрүлгөн көчөттөр нукура кыргызча жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар кароо-сынакка коюлат. Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан тандалып алынган соң, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болот. Өтүлүүчү жер: Баткен шаары, борбордук стадиону. Байланыш номурлар: 0701337789, 0312 88-69-33, 66-19-47.